Камчыбек Ташиев:
Төрт заставанын алынышы жергиликтүү элдин макулдугу менен болду


Аларды эки тарап алуусуна буга чейин улам-улам кайталанып келген ар кыл деңгээлдеги чыр-чтактар себеп болду. Анткени бул заставалар эки тараптан тең бетме-бет турчу. Алардын арасында ортосундагы аралык 50 метрди түзгөнү бар. Аскерлер бири-бири менен бир аз айтыша кетсе эле атышып жатып калышат. Анан “сен биринчи баштадың, жок сен биринчи ок чыгардың” деп бири-бирибизди күнөөлөп жатып калабыз. Башкача айтканда. Эки тараптын заставларынын өтө жакын жайгашуусу кырдаалдын курчушуна себеп болуп келген.
Эми алардын алынышы менен эмнелер өзгөрдү?
Заставалар алынган менен чек арада бир метр ары же бери жылган жок, жылбайт дагы. 24 саат бою көзөмөлдө турат. Азыр 21-кылым. Технологиянын заманы. Спутниктен, учкучсуз учуучу аппараттан, дрондордон көрүп турабыз. Мынндан тышкары, аскерлерибиз, жергиликтүү элибиз өз коздөрү менен көрүп турат. Жергиликтүү эл ар бир сантиметр жерди билет. Андыктан “Посттор ачылды” деп элдин башын айлантпагыла. Посттор ачылган жок. Посттор качан гана чек ара тилкелерди тактап бүткөндөн кийин гана ачылат. Өлкө жетекчилигинин чечими ошондой.
Элди дүрөбөлөң кылып, арам ойлорун ишке ашыргысы келгендерге айтаарым: кыялыңар ишке ашпайт. Биз мурдагыларга окшоп сураган жерин кармата салып, “менден кийин эмне болсо ошол болсун” деп чечип кеткенден алыспыз. Саткын эмеспиз. Санаага батпай тынч уктаңыздар. Баары жакшы болот! Бир сантиметр жерибизди бербейбиз! Чек ара маселесин чечебиз.

Related posts

4-марттан баштап абанын температурасынын акырындык менен жогорулашы күтүлөт

admin

2022-жылы Кумтөрдүн алтын сатуудан түшкөн кирешеси 1 млрд долларга жеткен 

admin

Акылбек Жапаров: 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сомго жеткирүү пландалууда

admin

Комментарий