Канат Абдрахматов: Түркиядагы жер титирөө Кыргызстанга таасир эте албайт

Түркияда катуу жер титирөө катталып, каза болгондордун саны саат санап көбөйүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 4 миңден ашты.

Кечээ, 6-февралда Казакстанда да жер силкингени маалым болгон. Кыргызстанда да жер титиреши мүмкүнбү? Бул суроого Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматовжурналисттерге жооп берди.

«Түркиядагы жер титирөө башка тектоникалык плита менен байланышкан. Ал жерде Аравия плитасы, бизде болсо Индостан плитасы. Мындай алыскы жер титирөөлөр Кыргызстанга кандайдыр бир деңгээлде таасир эте албайт. Казакстандагы жер титирөө балким жөн эле кокустук. Учурда Жердин ядросунда жайлоо (замедление) байкалып жатат. Түркиядагы жер титирөө бул процесске байланыштуу болушу мүмкүн. Негизинен азыр Жердин ядросунда болуп жаткан процесс биздин плитабызга да таасирин тийгизиши мүмкүн, бирок анын кандайча жана канчалык таасир этээрин эч ким так айта албайт. Адамзат качандыр бир убакта жер титирөөнү так алдын ала билүүнү үйрөнөт деп үмүттөнүү кыйын», — деди ал. 

Related posts

Чүйдө 20 миллион сомдон ашык мефедрондун 22 миңден ашык дозасын таратууга бөгөт коюлду

admin

19-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Камчыбек Ташиев: Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш улантылат

admin

Комментарий