Кантта эт кесип жаткан бычагы менен жаранды сайган шектүү кармалды

Кантта бычактан жаракат алган жаран ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

22-декабрга караган түнү Кант шаарынын мэриясында кызмат өтөп жаткан милициянын кенже сержанты мекеменин айланасын түнкү кароо учурунда тротуар менен эңкейип келе жаткан жаранды байкап калып токтогондо, ал жаран «мени бычак менен сайып салды» деп кыйкырып жерге отура калган.

Милиция кызматкери коопсуздук эрежелерин сактоо менен жанына барып сүйлөшүп, бычак кирген жерин сыртынан карап биринчи медициналык жардам көрсөтүп, болгон окуяны тактап, уюлдук телефону аркылуу чакырылган кармоо тобу келип, окуя болгон жерден кылмыштын изи сууй электе кыргыз улутундагы 1992-жылы туулган жаранды кармалган. Кылмышка шектелген жаран Ысык-Ата РИИБге жеткирилип, ал эми жабырлануучу 1989-жылы туулган жаран ичинин сол капталынан кан агып жаткандыгына байланыштуу ооруканага жеткирилген.

Жабырлануучу жеткирүү убагында курулуш тармагында иштерин, Кант шаарына иштегени келгендигин, бул күнү жумуштан кийин тааныш балдар менен спирт ичимдигин ичишкендигин жана эч себепсиз шектүү эт кесип жаткан бычак менен ичине сайып салгандыгын айткан. Аталган факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде “ден соолукка оор залал келтирүү” каралган кылмыштын белгилери менен козголду.

Related posts

Кербен шаарындагы ооруканада өрт чыкты  

admin

Кыргызстандын аймагында күн ачык болот

admin

Жөтөл, чүчкүрүк… Өлкөдө 700 миңдей адам дем алуу органдарынын ооруларына даттанып дарыгерге кайрылган

admin

Комментарий