Кар жаабайт. 12-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору бүгүн, 12-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -4…+1, Талас облусунда -3…+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -2…+3, Ысык-Көл облусунда 0…+5, Нарын облусунда 0…-5 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы -1…+1 градус болот.

Related posts

Садыр Жапаров: Кыргыздар бөтөн жерге көз артпайбыз, бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз

admin

Президент айдоочуларга карата айып пулдардын жогорулашына байланыштуу комментарий берди 

admin

Бишкекте аскердик кол кармаш урушу боюнча мелдеш өттү 

admin

Комментарий