Кар жаабайт. 12-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору бүгүн, 12-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -4…+1, Талас облусунда -3…+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -2…+3, Ысык-Көл облусунда 0…+5, Нарын облусунда 0…-5 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы -1…+1 градус болот.

Related posts

Бишкекте 2,5 миң окуучу хор менен Манас айтты

admin

Энергетика министрлиги элиталык үйлөргө жаңы тариф карап жатат

admin

Режиссер Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнө салды 

admin

Комментарий