Кар жаабайт. 20-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6

Нарын облусунда тункүсүн -11…-16, күндүз -4…+1

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 3…5° болот.

Related posts

Ырчы Кыздаркан Келдибекова көз жумду

admin

Туман каптайт. 19-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы 

admin

Дубайда климаттын өзгөрүшү боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммит өтүүдө. Иш-чарага Садыр Жапаров катышууда

admin

Комментарий