Кар жаабайт. 6-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 6-февралда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз 2…7;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11° суук, күндүз 2…4° болот.

Related posts

Уюлдук телефонду кантип каттатабыз? Түшүндүрмө

admin

Бишкекте «Кыргыз Элечек — Жибек жолунун жүрөгү» аттуу мода көргөзмө өттү

admin

КР УКМК: уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

admin

Комментарий