Кар жаабайт. 6- февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас облусунда +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6…+11, Ысык-Көл облусунда +1…+6 градус жылуу болсо, Нарын облусунда -2…-7 градуска чейин суук болору болжолдонууда.

Ал эми борбор калаа Бишкекте +7…+9, ал эми Ош шаарында +9…+11 градус болорү күтүлүүдө.

Related posts

«Социал-демократтар» Атамбаевди үй камагына чыгарууну суранышты

admin

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин эми Равшан Сабиров жетектейт

admin

Ак-Талаада 7 адам кармалды. Кылмыштын чоо-жайы

admin

Комментарий