Кара-Буурада баңгизат ташыгандар 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылды 

Кара-Буура районунда баңгизат ташыгандар 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура райондук сотунун ушул жылдын 30-январындагы өкүмү менен аталган райондун 4 тургуну, 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылды. Алар мурда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жалпы салмагы 11 килограммга жакын 3 кап баңги затын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кармалган.

Кара-Буура районунун тургундары А.М.А., К.К.М., О.А.Ы. жана Ж.Э.Р. КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө («Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо») боюнча каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталып, 2022-жылдын 3-февралында Казакстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын «Аманбаев» тилкесинде баңгизатын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.

Тергөөнүн жана соттук териштирүүлөрдө бул кылмыш иши боюнча соттолуучулардын күнөөсү толук далилденип, аларга карата айыптоо өкүмү чыгарылган.

Атап айтканда, А.М.А. 12 жылга эркинен ажыратылып, 1 миллион сом айып салынган. Мурда А.М.А. КР УКМК кызматкерлерине пара катары сунушталган 2 млн 745 миң сом акча каражаты жана 2 миң АКШ доллары мамлекеттик бюджетке алынган.

Айыпталуучулар К.К.М., О.А.Ы. жана Ж.Э.Р. мүлктөрүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды.

Related posts

По итогам визита Садыра Жапарова в Южную Корею было подписано 26 документов на $560 млн, — посол Исмаилова

admin

How to Travel Europe by Bus for Under $600

admin

Apple 12.9-inch iPad Pro and Microsoft Surface Pro Comparison

admin

Комментарий