Кара-Көл шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

КР УКМК жерди пайдалануу жаатындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишиндеги коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында Кара-Көл шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы  У.Б. тарабынан уюштурулган жер участокторун жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды.

2021-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы адиси катары У.Б. Өзгөн районунун Баш-Дебе айыл өкмөтүнөн ар бири 700 чарчы метр болгон төрт жер тилкесин бөлүп берүү үчүн жаран М.Д.дан 2 миллион сом алгандыгы аныкталган. У.Б. бардык зарыл болгон жол-жоболорду расмий эмес түрдө аткарууга убада берип, кийинчерээк мамлекеттик акттарды түзүү жана жер тилкелерин каттоо үчүн кошумча 200 000 сом алган.

Кийинчерээк, өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясат активдүү ишке ашырыла баштагандыктан жана бул жаатта КР УКМКнын иши күчөтүлгөндүктөн, У.Б. өзүнө көз каранды болбогон жагдайлардан улам өзүнүн кылмыштуу планын ишке ашыра алган эмес.

Бул жагдайларды эске алуу менен, У.Б. белгиленген жер тилкелерин жеке менчикке М.Д. аттуу жаранга  өткөрүп бере алган эмес жана алынган 2,2 миллион сомду жеке муктаждыктарына жумшаган.

2026-жылдын 4-февралында У.Б. КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (кызмат абалын алдамчылык менен  пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, башка тиешелүү адамдарды жана ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Related posts

Бишкекте телефондук террорист жарым жылга эркиндигинен ажыратылды

admin

 Саламаттык сактоо министри болуп Гүлнара Баатырова дайындалды

admin

Ысык-Көлдөгү «Фонтан» эс алуу борборун тартып алган шектүү кармалды

admin

Комментарий