Кара-Көл шаарынын мэриясында коррупциялык мыйзам бузуулар аныкталды

УКМК мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы жана мекемелердеги коррупцияга каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы социалдык объекттин курулушунда мыйзам бузууларга жол берилген фактыларды аныктады. 

Кара-Көл шаарынын мэриясынын кызмат адамдары тарабынан 2024–2025-жылдары Кара-Көл шаарынын «Жетинчи» кичи районунда шаардагы турак жайга муктаж болгон 32 үй-бүлөнүн жашоосуна ылайыкталган көп батирлүү турак үйдүн курулушу аяктаган. 

Аталган объект мурда Кара-Көл шаарынын мэриясынын балансында болуп, пайдаланууга жараксыз абалда тургандыктан көп убакыт пайдаланылбай келген. 

Тактап айтканда, курулуш жана жасалгалоо иштерине тендер өткөрүү тартибинде, ошондой эле курулуш нормалары жана эрежелери боюнча көзөмөлдөөдө жана атайын техникалык корутундуларды даярдоодо мыйзам бузууларга жол берилген. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 9 миллион 985 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. 

Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында төмөнкү адамдар кармалды: О.Н.О. – Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри; К.М.С. – Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы; М.А.А. – Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын курулуш боюнча мурдагы адиси; И.М.А. – курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу адис. 

Аталган адамдар Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Related posts

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды 

mediaportalk

Улуттук госпиталда кош бойлуу медайым сабалды. Милиция эмне дейт?

mediaportalk

Шарапаткан Мажитова: “Баткен облусуна аскердик госпиталь уюштуруу зарыл”

mediaportalk

Комментарий