Кара-Көлдүн 22 жаштагы тургуну 18-майдан бери дайынсыз болуп жатат

Кара-Көл шаарынын тургуну 2002-жылы туулган Салымбаев Ырыскелди Медербекович 18-май күнү Кара-Көл шаарында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.

Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, кашы, көзү, чачы кара, кара тору жүздүү, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым, кара түстөгү кроссовки болгон.

Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, милиция төмөндөгү номер аркылуу кабарлоону суранат: 102, (03746) 5-12-00, 0708 39 01 39.

Related posts

20 миң  сом. Катализатору жок айдаган унаалардын айдоочуларына 20 миң айып салуу сунушталды 

admin

9-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Башкы прокурор депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен макулдук сурады

admin

Комментарий