Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары кармалды

Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө катышы бар деп Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары кармалды.

Тактап айтканда, ал Кара-Суу районунун Шарк (азыркы Датка) айыл аймагынын башчысы болуп туруп, башкы планга өзгөртүү киргизип, Датка айыл аймагынын Ачы массивинин социалдык объектилеринин жана Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун аймагындагы 10 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз бергендиги аныкталды.

30-августта Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз берүүнү уюштурууга катышкандыгы үчүн кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

ТИМ: Кыргызстандын 744 жараны Украинанын аймагынан чыгарылып, анын 556сы Бишкекке алынып келди 

mediaportalk

Кайгуулчулар Бишкектин Кулиев көчөсүнөн эркек кишини кармап кетишти

mediaportalk

Министрлик өлкөдө кызамык боюнча кырдаал курч бойдон экенин билдирди

mediaportalk

Комментарий