Караколдо 9-класстын окуучусунун өз жанын кыйганы боюнча министрлик маалымат таратты

Билим берүү жана илим министрлиги Каракол шаарында өз өмүрүнө кол салып, каза болгон 9-класстын окуучусу тууралуу Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнө таянып маалымат таратты.

Каракол шаарындагы №1 инновациялык гимназия-мектебинин 9-классынын окуучусу М.Ж. 27-октябрда кечки саат 21:00-21:30дар чамасында өз өмүрүнө кол салып, каза болгон. 27-октябрда каза болгон баланын апасы Н.О. уулун электрондук тамеки менен кармап алып, тамеки тартып жаткандыгын атасына билдирген. Ата-энеси баласына электрондук тамекинин ден соолукка зыяндуулугун айтып, тилдеп койгон. Ата-энесинин айткан сөздөрүн катуу кабыл алган бала өз өмүрүнө кол салган.

Бүгүн, 28-октябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева каза болгон баланын үйүнө батага барып, ата-энесине кайрат айтты. Каза болгон баланын апасы Н.К. №1 инновациялык гимназия-мектебинде география сабагынан мугалим жана 9-класстын класс жетекчиси болуп эмгектенет.

Билим берүү жана илим министрлиги электрондук тамеки жана башка зыяндуу заттардын ар кандай жарнамалык роликтер аркылуу балдарга сатылып жатканына тыюу салуу боюнча депутаттардын демилгесин колдорун жана ага мыйзам чегинде чектөө киргизүүнү сунуштайт.

Related posts

КР УКМК: Сокулук районунун мурдагы чиновниктеринин жакын туугандары, 8,03 га жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттик баланска өткөрүп берди

admin

Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн парламентинин спикерлери келишти. Кандай тосуп алышты?

admin

«Муктаж болсом, өзүм деле кайрылат болчумун». Белгилүү акын Замирбек Үсөнбаев соцтармактагы кептерге жооп берди

admin

Комментарий