Караколдогу «Бугу» жана «Макиш» базарынын ээси кармалды

Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жарандардан түшкөн арыздарды кароонун алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси кармалды.

Аталган жаран узак мезгил аралыгында көрсөтүлгөн рыноктордо иш жүргүзгөн ишкерлерден акча каражаттарын чогултуп, ошону менен бирге алынган пайданын жалпы реалдуу жүгүртүлүшүн фискалдык органдардан жашырып келгендиги аныкталган. Мындан тышкары, соода жайларын бир эле адамдарга бир нече жолу сатуу фактылары башка ишкерлерге өткөрүп берүү коркунучу менен аныкталган.

Чогултулган материалдардын негизинде, кылмыш ишинин алкагында ага таандык турак-жай жана коммерциялык объектилерди кармоо жана тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Related posts

«Кыргызиндустрия» ишканасы менен кореялык «BK MEDICARE» компаниясы кызматташат

admin

ЖМКларда жана интернетте жалаа жапкандарга айып пул салынат. Президент кол койду

admin

Ташиев Жалал-Абадда чек арачыларга жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды 

admin

Комментарий