Кармалган «Мадина» базарынын кожоюнунун жактоочусу анын Көлбаев менен куда эмес экенин айтты

УКМК «Мадина» базарынын кожоюну Турсунтай Салимовдун кармалганы айтылган. «Спутник» басылмасы Турсунтай Салимовду маркум Камчы Көлбаевдин кудасы экенин жазган. Анын жактоочусу Нурлан Ибраимов маалымат берди.

Адвокат өз билдирүүсүндө айрым булактарда Турсунтай Салимовдун кылмыштуу топтор менен байланышы тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар тараганын билдирди. Анын айтымында, бул маалыматтар — жалган.

«Салимов Камчы Асанбектин кудасы же тууганы эмес, Камчы Асанбек менен эч кандай бизнес же башка мамиледе болгон эмес», — деп айтылат адвокаттын билдирүүсүндө. Адвокат ошондой эле Салимов эч качан кылмыштуу топторду каржылаган эместигин айтты. 

Related posts

Шайлообек Атазов мандатынан бүгүн ажырайбы?

admin

КР УКМК: коммерциялык объектилердин мыйзамсыз курулуусу боюнча

admin

Касымалиев: 2025-жылы кеминде 100 жаңы индустриялык долбоор ишке кириши керек

admin

Комментарий