Казак президенти Конституцияны өзгөртпөрүн жана 2026-жылы шайлоого катышпай турганын айтты

Казакстандын президенти Конституцияны өзгөртүү жана 2026-жылдагы президенттик шайлоого кайрадан катышуу пландары тууралуу кептерди четке какты. Анын айтымында, президент бир гана жолу шайлана алат деген эреже экинчи эч качан өзгөрбөйт.

Казакстандын азыркы Конституциясына ылайык, президент бир жолу 7 жылдык мөөнөткө шайлана алат, андан кийин анын ыйгарым укуктары аяктайт. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев «Эгемен Казакстан» гезитине берген маегинде билдирди.

Токаев Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү планы тууралуу кептерди четке кагып, президент бир гана жолу шайлана турган эреже “экинчи эч качан өзгөрбөйт” деп баса белгиледи.

Related posts

2022-жылы Кыргызстан 2,6 млрд кВт/саат электр энергиясын импорттоду

admin

Бишкекте сарайдан чыккан өрт жанындагы турак үйгө өтүп кетти

admin

Соттордо жана өкмөттө гендердик балансты камсыздачу мыйзам сунушталды

admin

Комментарий