Казакстанда 9-класстын окуучусу мектепке балта менен барып, балдарга кол салган

Казакстандын Петропавловск шаарындагы №4 мектепте 9-класстын окуучуларынын бири мектепке балта жана бычак алып барып, жогорку класстын окуучуларына кол салган. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Маалыматта 9-класстын окуучусу мектепке балта жана бычак алып барып, дааратканага кирип, бет кап кийип, коридорго чыгып, үч окуучуну жарадар кылганы айтылат. Эки окуучу башынан жана билегинен бычактан алган жаракаттары менен балдар ооруканасына жаткырылган. Үчүнчү окуучуга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жабыркагандар 9-10-класстардын окуучулары.

«Өспүрүм полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, бул факты боюнча «киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен сотко чейинки тергөө амалдары башталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү психиатриялык каттоодо турат. Соттук териштирүүнүн алкагында мектеп жетекчилигине юридикалык баа берилет. Калган жагдайлар такталууда», — деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Related posts

Ишке орноштуруу жеке агенттиктеринин ассоциациясы: ЭЭУнун №181 конвенциясын ратификацияланса,   миңдеген кыргызстандыктар жумушсуз калышы мүмкүн

admin

Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип унаа чыгарышат

admin

Талас мамлекеттик университетинин ректору коррупцияга шектелип кармалды

admin

Комментарий