Казакстандын өкмөтү отставкага кетти

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандын өкмөтүн отставкага кетиргенин Акордадан билдиришти.

«Казакстандын Конституциясынын 70-беренесине ылайык, өкмөттүн отставкасын кабыл алуу жөнүндө токтом кабыл алам», — деп айтылат мамлекет башчынын жарлыгында.

Казакстандын премьер-министринин милдеттери убактылуу Роман Склярга жүктөлдү. «Өкмөттүн мүчөлөрү жаңы курам бекитилмейинче өз милдеттерин аткарууну улантышат», — деп чечти президент. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Related posts

Ысык-Көлдө көлдүн жээгиндеги кумду башка жакка ташыган кишиге териштирүү иштери башталды

admin

УКМК: «УСТА» базарындагы мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу боюнча фактылар аныкталды

admin

ТИМ Сириядагы кыргызстандыктарды өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды

admin

Комментарий