Кең-Суу айылына электр энергиясы киргизилүүдө

Жумгал районунун Кең-Суу айылына электр энергиясы киргизилип жатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимовдун жардамы менен 1 миллион 400 миң сомго 90 даана электр мамысы (столба) сатып алынып, жерине жеткирилип берилген. Учурда орнотуу иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 6 миллион сом бөлүнүп, кошумча жабдууларды алуу каралууда. Бул каражатка чакан айыл электр энергиясы менен толук камсыз болоору кутүлүүдө.

Буга чейин Кең-Суу айылында электр жарыгы болгон эмес.

Related posts

Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо министрлери жолукту

admin

Акыйкатчы Монголиянын адам укуктары боюнча комиссиясынын башчысы менен жолукту

admin

Илон Масктын компаниясы адамдын мээсине чип орнотту

admin

Комментарий