Келлог: Киевдин РФ аэродромдоруна жасаган чабуулу кырдаалды курчутат

Россия өзөктүк чабуулдарды жасай алган учактарын жайгаштырган стратегиялык аэродромуна Украинанын кол салуусу чатакты ого бетер ырбатты, ал эми Вашингтон муну болтурбоонун жолун издеп жатат. Бул туурасында АКШнын Украина боюнча чабарманы Кит Келлог айтканан РИА Новости жазды.

«Эгер душманды сүрүп чыгаруу үчүн улуттук системанын, анын ичинде өзөктүк үчтүктүн бир бөлүгүнө кол салсаңар кырдаалды курчуду дей бергиле. Себеби берки тарап эмне жооп кыларын силер так билбейсиңер да», — деп Кэллог АКШ ушундай кырдаалдын жаралышынан саксынып турганын эскерткен.

Ал арада Ак үйдөн да Киевдин Россиянын аэродромдоруна жасаган чабуулу боюнча дагы комментарий айтылып, Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт дрон чабуулу Кошмо Штаттарды өзүнүн ички коопсуздугу боюнча ойго түрткөнүн белгилеген.

Мурда Пентагондун Stars and Stripes басылмасы украиналык террордук чабуулдар АКШ үчүн коңгуроо болуп, америкалык аскер-аба базаларын коргоону күчөтүүгө түрткү болушу керек деп жазган.

2025-жылдын 1-июнунда РФ Коргоо министрлиги Киев режими FPV-дрондорду пайдалануу менен Мурманск, Иркутск, Ивановская, Рязань жана Амур облустарындагы аэродромго сокку урганын кабарлаган. Ивановская, Рязань жана Амурда чабуулдун мизи кайтарылган. Мурманск менен Иркутскиде авиациялык техникадан өрт чыгып, өчүрүлгөн. Чабуулдан жабыркагандар катталган эмес.

Зеленский россиялык аэродромдорго жасалган террордук чабуулдардын жоопкерчилигин өзүнө алган.

Related posts

АКШда аномалдуу суук жана начар аба ырайынан улам 91 адам каза болду

admin

Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген шектүү асынып алды

admin

Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыяланды

admin

Комментарий