Кеминде дайынсыз болуп жаткан адамды 100дөй адам издеп жатат

Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан тургунду издөө иши улантылууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Издөө иштерине бүгүн, 4-декабрда Кемин району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, ИИМден 50 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40, жалпы 94 адам тартылды. Мурда маалымдалгандай, 1981-жылы туулган киши 29-ноябрда жайлоого досуна учурашканы барып, минип жүргөн аты кайтып келген, ал эми өзү кайрылып барган эмес.

Related posts

Бишкекте өлтүрүлгөн үй-бүлө: милиция жаңы жагдайларды айтып берди 

admin

Жаан жаабайт. 26-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ырчы Жонни ата статусуна ээ болду

admin

Комментарий