Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу. Келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоону сунуштайт.

Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө Келишимге ылайык даярдалды.

Макулдашуунун максаты – суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешкен комиссия менен башкаруу.

Related posts

Ошто мончонун суу казанынын жарылуу толкунунан коңшу жайгашкан имараттардын айнектери да сынды

admin

26-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Жогорку Кеңештин комитетинде ЖМК жөнүндө мыйзам долбоор каралды

admin

Комментарий