Кичи-Кемин айылында футбол боюнча турнир өттү

Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айылында футбол боюнча достук таймаш өттү.

Турнирдин жыйынтыгында, 1977-жылы туулган мелдештин катышуучулары жеңүүчү   деп табылып, башкы байгеге ээ болушса, экинчи орунду  1978-жылы туулган оюнчулар камсыздап, үчүнчү орунга 1979 –жылы туулган  футболчулар татыктуу деп табылды.

«Турнирдин башкы максаты айыл тургундарын жана жаш муундун өкүлдөрүн сергек жашоо образына үндөө, жергиликтүү жарандар арасында  достук мамилелерин бекемдөө, ден-соолукту чыңдоо, — деп белгиледи таймаштын катышуучусу Таалай Молдоисаев.

Анын айтымында, мындай спорттук иш-чаралар аталган айылда жыл сайын ийгиликтүү өтүп, айыл тургундары арасында салтка айланып калган.

Related posts

Актёр Азамат Улановдун үлпөт тою өттү (видео)

admin

УКМК: «Талас мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында коррупциялык механизмдер аныкталды» 

admin

Тоңдо аксакал 60 жаш тоюн бербей, окуучуларга китеп сатып берди

admin

Комментарий