Киев АКШ менен жаңы келишим түзүүгө макул болду. Зеленский Вашингтонго барат

Киев сейрек кездешүүчү металлдар боюнча АКШ менен түзүлчү келишимдин жаңы шартына макул болду. Бул тууралуу украиналык аткаминерлерге таянуу менен Financial Times кабарлаганын РИА Новости жазды.

«Киев минералдар боюнча Вашингтон менен түзүлө турган макулдашуунун жаңы шартына макул болду. АКШ ресурстардын сатылышынан түшчү кирешенин 500 миллиард долларына ээ болуу укугунан баш тартты», — деп айтылат маалыматта.

Макулдашуунун акыркы вариантында АКШ тараптан болчу «коопсуздук кепилдиги» тууралуу сөз жок экени белгилүү болду.

Гезитке маалымат берген аткаминерлер Киев минералдык ресурстарды, анын ичинде нефть менен газды биргелешип иштетүү боюнча макулдашууга кол коюуга даяр экенин айтышкан.

Financial Times өзү таанышып чыккан макулдашууда Украина жогоруда аталган ресурстарды иштетүүдөн жана аларга байланышкан логистикалык операциялардан түшкөн пайданын 50 пайызын которуп турган фонд түзүү каралганын белгиледи. Каражат Украинадагы долбоорлорду инвестициялоого жумшалмакчы. Гезиттин жазганына караганда, макулдашуу «Нафтогаз» же «Укрнафт» сымал кирешеси мамлекеттик бюджетке түшүп турган минералдык ресурстарды камтыбайт. Макулдашуунун аки-чүкүсүн тараптар дагы тактай турганы айтылды.

«Украиналык аткаминерлер келишим юстиция, экономика жана тышкы иштер министрлери тарабынан колдоого алынганын, бул Зеленскийдин жакынкы күндөрү АКШга барып макулдашууга кол коюу аземине катышуусуна жол ачарын белгилешти», — деп жазган басылма.

Соңку маалымат боюнча, жаңы келишимге 28-февралда кол коюлушу мүмкүн. Зеленскийдин Вашингтонго ушул күндү утурлай барары айтылды.

Эскерте кетсек, февралдын башында АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Украинага финансылык жана аскердик колдоо көрсөткөнү үчүн сейрек кездешүүчү металлдарга ээлик кыларын кепилдеген документ күтүп жатканын айткан. Америкалык аткаминерлер Владимир Зеленскийге тиешелүү макулдашууга Мюнхен конференциясынын алкагындагы вице-президенти Жей Ди Вэнс менен жолугушуу учурунда кол коюуну сунушташкан, бирок киев режиминин жетекчиси андан баш тартканын жар салган болчу.

АКШ бийлиги Зеленский акыры керектүү макулдашууга кол коерун айткан.

Related posts

Өлкөдө бир суткада 9 өрт кырсыгы катталды. Эки жеңил унаа толугу менен күйгөн 

admin

Бишкекте изделип жаткан чет өлкөлүк жаран аман-эсен табылды

admin

Италияда кеме чөгүп, 59 мигрант каза болду. Аман калгандар эмне дешти? 

admin

Комментарий