2024-жылдын февраль айында соттун чечими менен «Клооп Медиа» коомдук фонду жоюлуп, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Жоюлганына жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынганына карабастан, мурдагы «Клооп Медиа» өкүлдөрү маалыматтык иш-аракеттерди жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарына карата бурмаланган маалыматтар менен терс багыттагы материалдарды жарыялашкан.
Бул мыйзамсыз иш, мындан ары массалык баш аламандыктарды уюштуруу үчүн коомдук пикирди бурмалоо максатында жарандардын нааразычылыгын жаратууга багытталган.
Мурдагы «Клооп Медиа» коомдук фондунун өкүлдөрү соттун чечимине көңүл бурбай, жарандык укуктарынын чегинен чыгып, маалыматтарды бурмалап, коомчулукту адаштырууга аракет кылышкан.
Көрсөтүлгөн иш-аракет жарандардын укуктарын бузат жана «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү беренелер боюнча карама-каршы келет: «Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өндүрүштүк-чарбалык ишмердүүлүгү»; «Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо»; «Жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматты жайылтууга уруксат»; «Коомчулукка жайылтууга жатпай турган маалыматтардын тизмеси». Мындан тышкары “Кыргыз Республикасынын журналисттеринин этикалык кодексинин” жалпы кабыл алынган нормалары сакталган эмес.
Массалык тартипсиздикке чакыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында башкы видео редактор А.А.Н. жана оператор монтажер кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кармалгандардын көрсөтмөсүнө ылайык, мурдагы «Клооп Медиа» коомдук фондунун жетекчилери өлкөдөн сырткары жүргөндө ар кандай артыкчылыктар жана каржылык сый акылардын эсебинен жаш журналисттерди тартууну уюштурушкан. Ал эми негизги демөөрчүлөр чет өлкөлүк уюмдар болгон.
Мамлекеттик башкаруу органдарынын кадырын кетирүү максатында социалдык тармактарда дезинформациялык мүнөздөгү макалаларды жана постторду жарыялоо туруктуу негизде даярдалып,»Клооп Медиа» коомдук фондунун мурдагы уюштуруучуларына берилип, алар “Temirov Live” ютуб-каналынын негиздөөчүсү Б.Темиров менен бирге монтаждоону жана андан ары жарыялоону жүргүзгөн.
Мындан тышкары, журналисттерди каржылоо жана эмгек акы төлөө тартиби КР “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамын бузуу менен жүргүзүлгөн.
Бул иш-чаранын башка катышуучуларына жүргүзүлүп жаткан иштердин мыйзамсыздыгынын негиздери түшүндүрүлүп, андан соң алар мыйзам талаптарын бузууну моюнга алып, мурдагы “Клооп Медиа” Фонду менен мындан ары кызматташуудан баш тартууга убада беришти.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети калктын кеңири катмарын атайылап адаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет.
















