КМТУда кыргыз-кытай студенттери маданий жана билим берүү кызматташтыгын талкуулашты

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Лу Бань өнөрканасында «Цивилизациялардын биргелешип өнүгүшү» аттуу кыргыз-кытай студенттеринин маданий-гуманитардык иш чарасы болуп өттү. 

Иш чарага Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчи-министри ЛИ ХУА мырза, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Чыныбаев Мирлан Койчубекович, ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары Нуркамал Асканова жана Сычуань телерадиоберүү корпорациясынын редакциялык коллегиясынын мүчөсү, башкы редакциянын директору Ляо Шань Ин жетекчилик кылган  Сычуань телерадиоберүү компаниясынын өкүлдөрү, окуу жайдын студенттери жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Иш чаранын максаты медиабайланыш аркылуу  өлкөлөр ортосундагы карым-катнаш, достук мамилелерди, маданий алакаларды өркүндөтүүгө, жаштар арасындагы биримдикти чыңдоого,  экологиялык маданиятты калыптандырууга салым кошуу.

Мындан туура бир ай мурда аталган долбоордун биринчи бөлүгү Сычуань аймагында  кыргыз-кытай студенттери менен   биргеликте материалдык эмес маданий мурас жаатында тажрыйба топтоо жана көндүмдөрдү калыптандыруу багытында өткөн.  Экскурсиялар аркылуу  жаратылышты коргоо, био ар түрдүүлүктү сактоо, экосистеманы изилдөө жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү сыяктуу жалпы адамзат үчүн маанилүү ойлор ортого салынган.  

Жаштар Орто Азиянын сыймыгы, Кыргыз Республикасынын символу болгон   ак илбирс менен дүйнө элинин сүймөнчүгүнө айланган  панданы коргоо боюнча биргелешкен демилге менен жаратылышты сактоо улутка же мамлекетке эмес, жалпы адамзатка тиешелүү баалуулук экенин билдиришкен. Иш чарага ЭлТР мамлекеттик телерадио берүү компаниясынын өкүлдөрү катышып, медиакызматташтык жаатында тажрыйба топтоп кайтышкан.  

Жакында 30-июлда ошол долбоордун экинчи этабы Бишкекте улантылды. Сычуань аймагындагы  иш чаралар учурундагы фото сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.  Ошондой эле эки өлкөнүн студенттери иш чаранын катышуучуларына улуттук ашкананын өзгөчөлүктөрүн, тамак-аш маданиятын жана анын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин тааныштырышты. Анткени улуттук даам – бул жөн гана тамак эмес, ал элдин тарыхын, жашоо образын, салтын жана дүйнө таанымын чагылдырган руханий мурас.

Маданий — гуманитардык байланыштар  элдик дипломатиянын маанилүү бөлүгү. Мындай  иш чаралар  эки өлкөнүн жаштарынын бири-бирин тереңден  билүүгө, ишенимдин бекемделишине жана келечектеги кызматташтыктын жаңы көпүрөлөрүнүн курулушуна кызмат кылат.

Related posts

 Саламаттык сактоо министри болуп Гүлнара Баатырова дайындалды

admin

Сузактагы кырсык. Жерге-Тал айылынын мугалимдерине психологиялык, медициналык жардам көрсөтүлдү

admin

УКМК: КРСУга абитуриенттерди кабыл алууда коррупциялык схема аныкталды

admin

Комментарий