Кочкор-Ата шаарындагы оорукананын имараттарын жана жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды

Мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу иштеринин алкагында мурда Кочкор-Ата аймактык ооруканасына тиешелүү болгон объектилерди жана жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды.
Тактап айтканда, 1993-жылдан 2009-жылга чейин ММБФнын түштүк аймактык башкармалыгы, ошондой эле Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аталган аймактык оорукананын балансында турган объекттерди жана жер участокторун мыйзамсыз ээликтен чыгаруу системалуу негизде жүзөгө ашырылгандыгы такталды.
Жалпысынан 4 административдик имарат, ошондой эле төрөт бөлүмүнүн бир бөлүгү, мындан тышкары, жалпы аянты 28 сотых жер тилкелери ээликтен ажыратылган. Натыйжада учурда оорукананын аймагында 2 турак үй жана 2 жеке клиника, ошондой эле 5 дарыкана курулган.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы №37 Жарлыгына ылайык, социалдык инфраструктура объектилери жеке жактарга сатылууга тийиш эмес. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 44-беренесине ылайык, имараттар жана курулмалар, курулушка бекитилген жер участогуна болгон укуктан ажырагыс болуп саналат.
Учурда КР УКМК прокуратура менен биргеликте бул объектилерди шаардык оорукананын балансына кайтаруу процедурасын баштады.

Related posts

Садыр Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасы жаңы жылга чейин такталат

admin

УКМК: “Керемет Банктын” ишине байланыштуу Улуттук банк башкармалыгынын мурдагы мүчөсү кармалды

admin

Шакиев: «Тойканалар эле салына бербей, билим берүү жайларынын курулганы жакшы көрүнүш»

admin

Комментарий