Кочкор-Ата шаарынын дарыгери УКМК кызматкерине пара берүү учурунда кармалды

Кочкор-Ата шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгери УКМКнын кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

2022-жылдын 28-июлунда УКМК кызматкерине 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылып жаткан жеринен Кочкор-Ата шаардык жалпы медициналык практика борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Т.Г.Х. кармалды.

Кармалган адам Бишкектеги Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жогорку билими тууралуу диплому жасалма экендигин аныкталып, ага акт түзүлүп өз ыктыяры менен берүү керектиги айтылган. Бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу амалында текшерүүнү токтотуу жана фактыны жашыруу үчүн УКМК кызматкерине пара сунуштаган.

Кармалган жаран мурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы аймактык оорукананын филиалында хирург болуп иштеген.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара берүү) каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталган.

Related posts

Садыр Жапаров “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеге катышат

admin

Депутаттар Маматалиев жана Кокулов 42 курулуш компаниясына алданган үлүшчүлөр менен жолугушту

admin

Милиция кызматкерлерин сүрөт, видеого тартканга тыюу салган мыйзам ЖКда өтпөй калды

admin

Комментарий