Коргоо министрлиги параддан өтчү техниканы сүрөт, видеого тартпоону суранды

 Коргоо министрлиги парадга алып келе жаткан техникалардын катарына кыпчылып кирбөөнү, аларды видеого тартып социалдык тармактарга жайылтпоону суранды.

Маалыматка ылайык, 8-майда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында болуучу парадга 120дан ашуун аскердик техника тартылат.

«Токмокто Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата парадга даярдык көрүлүүдө. Ал жактагы техниканы Бишкектеги иш-чарага алып келүү зарыл. Мына ошол мезгилде техникалардын катарына кыпчылып кире калбоону жана коомдо дүрбөлөң жаратпаш үчүн аларды сүрөт, видеого тартып соцтармактарга жайылтпоону суранабыз», — деп айтылган маалыматта.

Ошондой эле министрлик бул учурда жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнгөн.

Related posts

Жети-Өгүздө УКМКнын жаңы имаратынын ачылышы болду (сүрөт)

admin

ЕАЭБ өлкөлөрү кыргыз быштагы менен сырын көп сатып алышууда

admin

Бивол менен Бетербиев реванш өткөрөт

admin

Комментарий