Коррупция фактысы боюнча Чүй облусунун Москва районундагы «жер мафиясынын» мүчөлөрү кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

КР УКМК коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин алкагында Чүй облусунун Москва районундагы «жер мафиясынын» ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

Садовое айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы «Д. М. Т.», Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы «А. А. К.» жана КР прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери «У.Р.М.» менен биргеликте материалдык жактан байуу максатында Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында жеке турак жай салууга арналган жер участокторун сатуу боюнча коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталды.

Коррупциялык иш-аракеттерин болтуруу максатында, жогорудагы аталган кылмыштуу топ жер тилкелерине муктаж болгон жарандардын кезекке туруу тизмелерин өзгөртүү, жер комиссиясынын отурумдарынын протоколдоруна өз алдынча оңдоолорду киргизүү жана тиешелүү адистерин кол мөөрлөрүн жасалмалоо сыяктуу иштерди жасаган.

Мындан тышкары, аталган топтун — мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коркутуу жолдору менен, алардын аттарына жер тилкелерин фиктивдүү негизде каттоо боюнча кылмыштуу иштери аныкталган.

2025-жылдын, 31-январь күнү КР УКМК тарабынан, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336 «Коррупция», 379 «документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун Москва районундагы аталган «жер мафиясынын» жогоруда көрсөтүлгөн мүчөлөрүн кармоо жүргүзүлгөн, кармалгандар КР КЖКнын 96,97-беренелерине ылайык КР УКМКнын ТКЖ киргизилген.

Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында аталган коррупциялык схемага тиешеси бар баашка адамдарды аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

Сокулукта 9 эркек тарабынан кордолуп келген 13 жаштагы кыздын иши сотко өттү. Милиция депутатка жооп берди

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан мурдагы бала бакчанын жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

25-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий