Коррупциялык иш: Укук коргоо органдарынын иликтөөсү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин экс-министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана Жалал-Абад облусунун экс-губернатору У.С.И. коррупцияга шектелип кармалды.

Маалыматка ылайык, ал 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейин «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турган мезгилде, айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен «Токчулук» мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттин эсебинен сатып алып, андан кийин мурдагы Балыкчы эт комбинатынын кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп алганы аныкталган.

Учурда жогоруда аталган кыймылсыз мүлктүн наркы 626 миллион сомду түзөт.

Мындан сырткары, белгиленген коррупциялык схемага башка адамдардын катышы иликтенүүдө. Ошондой эле мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү мамлекетке кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Related posts

2-3-августта өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

admin

Жер титирөөдөн улам Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна тоо боорунан топурак, таштар кулады

admin

Жалал-Абад шаарында кыздарды сойкулукка тарткан жаран кармалды

admin

Комментарий