Косачев: Украина боюнча кандай келишимдер болбосун Россиянын шартында түзүлөт

 Украина боюнча кандай гана келишимдер болбосун АКШнын эмес, Россиянын шартында түзүлөт. Бул туурасында Федерация кеңешинин вице-спикери Константин Косачев Telegram каналына жазды.

Сауд Арабиядагы украин-америка сүйлөшүүлөрүнө комментарий берген депутат чыныгы келишимдер фронтто түзүлөрүн, Вашингтон муну түшүнүшү керектигин айткан.

Кечээ Жидда шаарындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Владимир Зеленскийдин кеңсеси анын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган бирдиктүү билдирүүнү жарыялады. Анда Киевдин согуш отун 30 күнгө токтотууга макулдугу жана бул келишим дагы узарышы мүмкүн экени белгиленген.

«Жидда шаарындагы украин-америкалык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы бир гана нерсени көрсөтөт: Трамптын Зеленский аркылуу ири нерседен алаксытуу ыкмасы Байденден айырмаланып максатына жетип кетпейт», — деген Косачев.

Анын пикиринде, сүйлөшүүдөгү Киевдин эмес, Американын шарттары коюлууда, украиналыктар аларга эмне айтса макул болмокчу.

«Зеленский коргонуп гана турат, же Мамдепартаменттин тили менен айтканда, «Трамп Зеленскийди оруна койду». Россия чабуул жасап жаткандыктан ага башкача болот. Кандай гана келишим болбосун (компромисс зарыл деген түшүнүктөн алганда да) америкалык эмес, биздин шарт менен түзүлгөнү кажет. Чыныгы макулдашуулар (кепке келүү) согушта болорун Вашингтон да түшүнүшү керек», — деген вице-спикер.

Сенатор россия-америка сүйлөшүүлөрүнө четтен туруп алып комментарийлер менен тоскоолдук жаратпоо маанилүү экендигин, анын алдыга жылышына мүмкүнчүлүк берүү керектигин кошумчалады.

Related posts

Иш күнү деп жарыяланган ишемби күндөр дем алыш болот

admin

Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берди 

admin

Бишкек жана Ошто коомдук транспорт Айт намазга элди бекер ташыйт

admin

Комментарий