Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул жогорулады

«1-январдан тарта кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун көлөмү көбөйөт». Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо министрлигинен маалымдашты. 

Эми иштеп жаткан кош бойлуу аялдарга 10 иш күнү үчүн эмгек акынын 100 пайызы, ал эми 11-күндөн тартып айына 2000 сомдон төлөп берилмекчи. Буга чейин 1000 сом төлөнчү. Мурда бул сумма орточо 3 600 сомду түзсө 2024-жылдын 1-январынан тартып 7 500 сомдон бериле баштайт.

Ал эми бийик тоолуу шарттарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул толук эмгек акынын өлчөмүндө, башкача айтканда, бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100 пайызы берилмекчи.

Related posts

Жогорку Соттун төрагасы кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы маалымдалды

admin

БИШКЕКТЕ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ АЛДАМЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

admin

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Алтынбек Кылычбаев ант берди

admin

Комментарий