Ысык-Көл облусунун айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмеси жарыяланды

Шайлоочулардын контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мындан ары – СӨМ) маалыматтарынын негизинде түзүлүп, шайлоо участкаларына илинип жана шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталына https://tizme.gov.kg/ жайгаштырылды.

Контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 6052, анын ичинен 3124 эркектер жана 2928 аялдар же 51,62 %жана 48,38 %.

Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын берилген маалыматтарынын жана шайлоочулардын арыздарынын негизинде күн сайын жүргүзүлөт.

Урматтуушайлоочулар!

2023-жылдын 19-августунан тартып 22-сентябрына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «tizme.gov.kg.» сайтында;
  • шайлоо участогунда;
  • өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2023-жылдын 22-сентябрына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, «tizme.gov.kg» сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.

2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмеси түзүлүп “Тизме” порталына жайгаштырылды, шайлоо участкасында 2023-жылдын 8-сентябрына чейин илинет.

Related posts

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык бир катар маданият өкүлдөрүнө ыйгарылды 

admin

С.Жапаров америкалык чиновниктин тынчсыздануусуна жооп берди

admin

Ташиев милициянын кайгуул кызматкерине акчалай сыйлык берди  

admin

Комментарий