КР ИИМ ЖККББда системалык негизде жүргүзүлүп келген коррупциялык схема аныкталды

КР УКМК тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында туруктуу коррупциялык схемалар аныкталды жана бөгөт коюлду.
КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол көзөмөлү бөлүмүнүн инспекторлору, мыйзамсыз материалдык байуу максатында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке жана юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына жарнамалык чаптамаларды чаптоого уруксат берүүчү документтерди берүү схемасын уюштурушкан (уруксат берүүчү документи унаанын кузовуна чаптамаларды чаптоодо айып пулдан качуу үчүн зарыл).

Related posts

6-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Филармонияда миң бала манас айтты

admin

Жогорку Кеңешке Токторбаевдин ордуна Пархат Тулендыбаев депутат болуп келди

admin

Комментарий