КР КК Улуттук гвардиясында окуучулар үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү


2025-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүндө Чүй облусунун Аламүдүн районундагы мектеп окуучулары үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.

Иш-чарага аскер бөлүктүн командири, гвардиянын полковниги Н.Түлөбердиев, Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы У.Байгубатова, аскер кызматкерлери, 300дөн ашуун окуучу жана чакырылган коноктор катышты.

Программа алкагында окуучулар үчүн аскердик бөлүктө экскурсия уюштурулуп, жоокерлердин ашканасы жана казармасы көрсөтүлдү. Ошондой эле аскер кызматкерлери саптык даярдык көнүгүүлөрүн жана кол уруш ыкмаларын тартуулап, аскердик техника менен курал-жарактын көргөзмөсүн өткөрүштү. Иш-чара спорттук оюндар менен жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө грамота жана кубок тапшырылды.


Related posts

Президент улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин куттуктады

admin

Жаан жаап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн 

admin

Трамп Зеленский Россия менен эпке келүүгө даяр экенин жар салды

admin

Комментарий