КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин көрсөтмөсүн аткаруу максатында үстүбүздөгү жылдын 11-июнунан тартып Улуттук коопсуздук органдары тарабынан «Нелегал-2025» атайын операциясы башталган.

КР Президентинин 2025-жылдын 22-майындагы № 164 Жарлыгы менен укуктук статусун мыйзамдаштыруу боюнча жеңилдетилген мөөнөт каралбаганына карабастан, миграциялык мыйзамдарды бузуу менен өзүнүн укуктук абалын легалдаштыруу боюнча жүргөн мыйзамсыз чет өлкөлүк жарандар аныкталган.
Тартип бузгандар тиешелүү фильтрациялоочу жайга жеткирилип, КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети иш берүүчүлөрдү жана чакырган тараптарды мыйзам бузган чет элдиктерди өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө багытталган чараларды көрүүгө чакырат.

Related posts

Камчыбек Ташиевге кол салуу болгондугу тууралуу маалымат фейк экени маалымдалды

admin

Монголияда кар бороонунан 334 адам дайынсыз болуп жаткан. Алардын 333ү табылды

admin

Сокулукта 26 жаштагы келин мал сарайда асынган абалда табылды

admin

Комментарий