КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы К.К.Ташиев Чолпон- Ата шаарында эс алуучу жайлардын жетекчилери менен жолугушту

үгүн, 2025-жылдын 21-июнунда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев Чолпон-Ата шаарында Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ысык- Көл районундагы жана Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын тегерек-четин көрктөндүрүү боюнча жыйын өткөрдү. Аталган иш-чарага Ысык-Көл районундагы жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары, Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын (пансионаттардын) жетекчилери, коопсуздук органдарынын ж.б тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы К.Ташиев Ысык-Көл районундагы эс алуучу жайлардын тегерек четиндеги жолдордун начардыгын, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун (тротуарлардын) жоктугун, жашылдандыруу иштери жана инфратүзүмдүн төмөндүгүн белгиледи.
«Чолпон- Ата шаарында эң жогорку кызмат көрсөтүүчү алдыңкы эс алуучу жайлар жайгашкан. Алардын короосунун ичине кирсең жаркырап турат, бирок сырткы жагында жолдор талкаланган, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдор жок, жашылдандыруу иштери өтө начар,каралбай калган. Жылына он миңдеген адамдар келип эс алып кетишет. Канчалаган акча иштеп жатасыңар, ошонун аз эле бөлүгүн эс алуучу жайга алып баруучу жолдорду оңдоого, көчөлөрдү жарыктандырууга, көрктөндүрүү иштерине жумшап коюуга жараган жоксуңар!» — деп белгиледи УКМК төрагасы К.Ташиев.
Аны менен катар К.Ташиев Ысык-Көл районундагы айыл өкмөт башчыларына кайрылып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен инфратүзүмдүк долбоорлорду уюштурбагандыгын катуу сынга алды. Ошондой эле, жетекчилер тарабынан өкмөттүн казынасына кол салуулар болбоосу керектигин, эгерде коррупциялык элементтер аныкталса, алар мыйзам чегинде жоопко тартылаарын эскертти.
Президент Садыр Жапаровдун түзмө-түз тапшырмасынын негизинде Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына жана эс алуучу жайлардын жетекчилерине 2025-жылдын сентябрь айынын аягына чейин Ысык-Көл районундагы эс алуучу жайларга баруучу жолдордун баарын оңдоп-түзөөнү, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштерин толук бүткөрүүнү тапшырды. Кимде-ким тапшырманы аткарбай, шалаакылык кылса, тийиштүү жоопкерчилик каралаары эскертилди.
Белгилей кетсек, аткарылган иштердин баары генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө болот.

Related posts

«30 жашында мечит курган». Арстан Алайдын кызы атасын эскерди

admin

Чүйдө 16 жаштагы Даниэль 8 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

admin

Жаңы жылдык майрамда кыргызстандыктар канча күн эс алат?

admin

Комментарий