КР УКМК: 100 миң сом өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча КР Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды

Фискалдык органдар тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, КР КЖК 343-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында топтолгон маалыматтардын негизинде – 2025-жылдын 2-сентябрь күнү, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы «Т.У.Х.» жана бөлүмдүн башкы инспектору «О.У.Ж.» 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышты.
Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, аталган кызмат адамдары кармалып, КР КЖК 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан фискалдык жана башка органдардагы коррупцияны жоюу боюнча активдүү иш-чаралар уланууда.

Related posts

Орозайым Нарматова: «Кемпир-Абад иши боюнча акыйкат чечимди күтөбүз»

admin

Балбан Акжол Махмудов: «Тарыхты бир гана окубайт, аны жаратып, жазышат»

admin

Билим берүү министрлигине каникулду узартуу боюнча сунуш түштү 

admin

Комментарий