КР УКМК: 7000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен адвокат «А.С.А.» кармалды

2025-жылдын 24-сентябрында, КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, КР КЖК 209-беренесинин 4-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен козголгон кылмыш иши боюнча арыз ээси болгон КР жаранынан 7000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен адвокат «А.С.А.» кармалды.
Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, адвокат «А.С.А.», Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишинин оң чечилиши үчүн арыз ээсинен 7000 АКШ долларын опузалап талап кылган.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун санкциясынын негизинде «А.С.А.» КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Related posts

Бишкекте №216 каттамдагы автобус мамыны сүздү

admin

Кеминдин тургуну жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болууда

admin

Шамалдын кесепетинен унаага бак куласа ким жооп берет? Юристтин жообу

admin

Комментарий