Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө КР УКМК тарабынан КР жараны Т.Ж.нын катышуусундагы видеоматериал аныкталып, анда анын аракеттеринде аймактар аралык кастыкты козутуу белгиси бар экендиги такталган.
Буга байланыштуу, КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Т.Ж. аттуу жаран КР УКМКга жеткирилип, тергөө органдары тарабынан суракка алынган.
2025-жылдын 31-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (жарашууну) козутуу) боюнча Т.Ж. кармалып жана Бишкек шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расалык, этностук, улуттук, диний аймактар аралык кастыкты козутууга чакырыктарга жол берилбестигин эскертет. Эгерде мындай фактылар аныкталса, аларга Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык катуу бөгөт коюлат.