КР УКМК: Акча талап кылуу фактысы боюнча Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы кармалды

УКМК тарабынан демилгеленген материалдардын алкагында КР Башкы прокурору тарабынан Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьяларына Д.К.С., К.Э.О., С.А.А. жана B.T.K.га карата 337-берене «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», 342-берене «Пара алуу», 343-берене «Пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголду.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Чүй облусунун Москва райондук сотунун аппаратынын кызматкерлерин, ошондой эле башка судьяларды соттолуучу адамдардан акча каражаттарын алуу максатында кылмыш ишине тартуу менен судьялар тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.К., 2024-жылдын 5-мартында соттун кызматкери К.А.Д. аттуу ортомчудан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча оң чечим үчүн 1500 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Белгилей кетсек, кылмыш чөйрөсүнө аралашкан ар бир адам, анын катышуусунун негизинде опузалап алынган жалпы сумманын белгилүү бир үлүшүнө ээ болгон.
2024-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.К. камакка алынып, КР УКМКнын тергөө абагына, ал эми ортомчу К.А.Д. КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына киргизилген.
Учурда Чүй облусунун Москва райондук сотунун калган судьяларына укуктук баа берүү, ошондой эле ушул сыяктуу кылмыш иштерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Тергөө иштери уланууда.

Related posts

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 7 жаран кармалды 

admin

КР УКМК: Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Бишкек шаардык Мэриясынын — «Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин» мурдагы жетекчилери кармалды

admin

ИИМ 4 жетекчини Ысык-Көлдөн Нарын менен Чүйгө ротация кылды

admin

Комментарий