КР УКМК: Аксы районунун Кербен шаарындагы 23 млн сомдук борбордук базар мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы, мурда Кербен шаарынын мэриясынын карамагында болгон Кербен шаарынын борбордук базары Б.М. аттуу жаран тарабынан мыйзамсыз пайдаланылгандыгы аныкталды.
Тактап айтканда, 2012-жылы ижара келишиминин негизинде аталган базар Б.М.га 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген, бирок келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин Б.М., базардын коммуналдык кооператив менен болжолдонгон сатып алуу-сатуу келишимине таянып, Кербен шаарынын мэриясына ижара акысын төлөөнү токтотуп, ал үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жасалма түрдө соттошуп баштаган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы аянты 1,79 га болгон Кербен шаарынын борбордук базары, мал базар, дан базары, жайма базар жана унаа базары 2003-жылдан бери Кербен шаарынын мэриясынын балансында тургандыгы аныкталган.
Мындан улам, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында аталган базар Б.М. аттуу жаран тарабынан Кербен шаарынын муниципалитетине ыктыярдуу түрдө кайтарылып берилди. Аталган объекттин базар наркы болжол менен 23 млн.сомго бааланууда.

Related posts

Мэр “Дордой-моторс” базарында митингчилер менен жолукту

admin

Жаан- чачын болбойт. 17-январга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Бир түндө унаа башкарган 31 мас айдоочу кармалды

admin

Комментарий