КР УКМК: «Асман Көзөмөлү – 2025» Антитеррордук машыгуусу боюнча

 Бүгүн, 22-апрелде КР министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМКнын Төрагасы генерал – полковник К.К.Ташиевдин жетекчилиги алдында УКМКнын «А» атайын багыттагы кызматынын «Асман Көзөмөлү – 2025» антитеррордук машыгуу иш-чарасы өткөрүлдү.
      «Асман Көзөмөлү 2025» машыгууларынын максаттары:
  1. Атайын жана ыкчам-күжүрмөн операцияларды жүргүзүүдө УУА жана жердеги роботторду колдонуу боюнча атайын багыттагы кызматтын өздүк курамынын көндүмдөрүн өркүндөтүү;
  2. Атайын күчтөрдүн аракеттеринин алгоритмин иштеп чыгуу, ошондой эле FPV-дрондорду, квадрокоптерлерди, жердеги роботторду коопсуз пайдаланууну иш жүзүндө сыноодон өткөрүү, ошондой эле орнотулуучу жардыргыч заттарды талаа шартында күжүрмөн абалга келтирүү;
  3. Барымтадагыларды бошотуу жана ар кандай объектилердеги террористтерди жок кылуу боюнча оперативдүү-күжүрмөн иш-чараларды өткөрүүдө атайын бөлүктөр менен тажрыйба алмашуу, ал максаттарга ылайык жер үстүндө жүрүүчү роботторду колдонуу.
    Машыгуунун алкагында заманбап күжүрмөн робототехниканын орчундуу мүмкүнчүлүктөрү, УУА учууларын көрсөтүү, FPV дрондорун даярдоо боюнча жумуштар практика жүзүндө көрсөтүлдү.
    «Асман Көзөмөлү – 2025» машыгуунун жүрүшүндө төмөнкүдөй согуштук-күжүрмөн ийгиликтүү аткарылды:
  • роботторду колдонуу менен «шарттуу административдик имаратка» чабуул коюу, андан ары атайын аскердик топ тарабынан имаратты тазалоо;
  • жердеги камикадзе дрондун жардамы менен унаа каражатын жардыруу
  • чабуул жасоочу дронду колдонуу менен унаа каражатын жок кылуу.
  • кумулятивдик жардыргыч заттар менен жабдылган чабуулчу дрондорду, ошондой эле ар кандай ок чыгаруу механизмдери бар көп жолу колдонулуучу FPV дрондорун колдонуу.
    «Асман Көзөмөлү – 2025» машыгуусунун соңунда УКМКнын Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев «А» атайын багыттагы аскер кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп, учурда мамлекет тарабынан материалдык-техникалык база менен жабдуу боюнча баардык шарттар түзүлүп жатканын белгилеп, террористтик-экстремисттик жана деструктивдүү күчтөрдү жок кылуу боюнча коюлган аскердик милдеттерди аткаруу үчүн ар дайым даяр болууга чакырды.

Related posts

Автобус албайт белеңиз? Бишкек мэриясы аукцион өткөрөт

admin

Илон Масктын компаниясы адамдын мээсине чип орнотту

admin

«Европадай болбойлу». Трамп Путинди эмес, өлкөнүн ички көйгөйүн ойлонууга чакырды

admin

Комментарий