КР УКМК: Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. акча каражаттарын пара катары берүү учурунда кармалды

Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктоого багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. 2020-2022-жылдар аралыгында «Мухали инвест» ЖЧК аффилирленген фирмасы аркылуу мыйзамсыз катышып, жалпы суммасы 14 млн. сомго жакын 152 тендерди утуп алгандыгы аныкталган.
Автоматташтырылган маалымат тутумунда катталган тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында Т.А. текшерүүнү токтотуу максатында кызмат адамына пара бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча түшүндүрмөгө карабастан, КР УКМК кызматкерине бир нече жолу акча сунуштаган.
Тактап айтканда, 2024-жылдын 25-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ат-Башы А/Өнүн жооптуу катчысы 90 000 сом жана 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын которуп жаткан жеринен кармалды.
Учурда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө ушул сыяктуу коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Related posts

Нарында 30 жаштагы эки жаран мушташып, бири ооруканада каза болду. Шектүү кармалды

admin

19-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Президент Садыр Жапаров Апрель революциясында курман болгондорду эскерди   

admin

Комментарий