КР УКМК: Баңгизатын мыйзамсыз алып өтүү аракети учурунда Өзбекстан Республикасынын жараны Д.Ж.Н. кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык баңги кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды.
Тактап айтканда, 1997-жылы туулган Өзбекстан Республикасынын жараны Д.Ж.Н. Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасынын аймагына мамлекеттик чек аранын начар корголгон участоктору аркылуу баңгизаттарды ташуунун туруктуу каналын уюштургандыгы аныкталды. Ошентип, кезектеги 1 кг «гашиш» баңгизатын өткөрүп берүү аракетинде кармалды.
Тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча Өзбекстан Республикасынын жараны Д.Ж.Н. КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

Бишкекте шаардык мэриянын башкармалыгынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды

admin

Бишкекте чет өлкөлүк жаран кызды өлтүрө сүзүп, качып кеткен. Милиция маалымат берди

admin

Кыргызстанда Борбордук Азиядагы миграцияны кыскартууга багытталган  эл аралык хаб ачылат

admin

Комментарий