КР УКМК: Баасы 5 млн. АКШ долларын түзгөн «Лагуна Сити» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды

УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы, ошондой эле К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишинин материалдарынын негизинде ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында, «Лагуна Сити» эс алуу борборунун мүлк комплексинин бир бөлүгү, анын ичинде коттедждер, мончо жана сауна, кафелер жана ресторандар, административдик имараттар ж.б. мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Аталган мүлктөрдүн алдын ала болжолдуу баасы 5 миллион АКШ долларын түзөт.
КР УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Related posts

Жаан-чачын күтүлбөйт. 18-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

20-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Бишкектеги №68 мектеп-гимназияда спорт корпусу курула баштады

admin

Комментарий