КР УКМК: Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы жалпы аянты 15,9 га болгон 4 жер тилкеси мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды

КР УКМК тарабынан КР мыйзамдарын бузуу менен мамлекеттин балансынан чыгарылган мамлекеттик объекттерди кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын натыйжасында Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы жалпы аянты 15,9 га болгон, 4 жер тилкеси мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды.
2020-жылы жер тилкеси КР мыйзамдарын бузуу менен муниципалдык менчиктин балансынан жеке менчикке чыгарылган
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча учурдагы менчик ээлери өз ыктыяры менен жер участокторун Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришти.
КР УКМК мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген мамлекеттик объекттерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Related posts

Парламент ЖК депутаттарын шайлоо системасын өзгөртүү мыйзамын колдоду

admin

Оштун Куршаб айылындагы мечиттен өрт чыкты

admin

Бишкекке 20 жаңы автобус келди 

admin

Комментарий