КР УКМК: «Бишкек Башкыархитектура» жана Кыргыз Республикасынын Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Мамлекеттик картографиянын кызмат адамдарынан пара талап кылуу фактысы боюнча

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш ишинин алкагында опузалап 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча, 2024-жылдын 22-январында Бишкек шаарынын аймагынан 1 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. жана Кыргыз Республикасынын Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик картографиянын экономикалык бөлүгү боюнча бөлүмүнүн башчысы М.Ж.А. кармалды.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. аффилирленген жактар аркылуу коммерциялык объектилерди бузуу шылтоосу менен ар бир объектиге 2-3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.
Учурда кармалгандардын катышуусунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, башка кызмат адамдарынын бул коррупциялык схемага катышуусу бар экендиги аныкталууда.

Related posts

Азия оюндары: Назим Нурланов коло байгеге ээ болду

admin

«Европадай болбойлу». Трамп Путинди эмес, өлкөнүн ички көйгөйүн ойлонууга чакырды

admin

КР УКМК: Токмок шаарынын тургунун сабаган топко шектелгендерди кармоо боюнча

admin

Комментарий